150 ишкер мамлекеттен колдоо сурап кайрылды

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:10

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун катышуусунда 30-январда Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-рынок комплексинде болгон өрттүн натыйжасындагы зыянды баалоо боюнча комиссиянын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-февралда Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук муниципалдык администрациясынын базасындагы комиссиянын 5-февралдагы №1 протоколун аткаруу иретинде «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттөн жабыркаган ишкерлердин документтери кабыл алынган.

Материалдык зыянды калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө жалпысынан 150 адамдан арыз келип түшкөн, анын ичинен 135и –«Сейтек» базарынын ишкерлери жана 15 адамы – «Берекет Плюс» базарынын ишкерлери. Айта кетсек, Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын сурамасы боюнча 2017-жылдын декабрь айынын соңунда «Сейтек» ЖЧК соодагерлеринин жалпы саны 96 адамды түзөөрү тууралуу маалымат берген.

МСК ар-бир ишкердин патентин тыкыр текшерүүдөн өткөрүүсүнөн соң, 74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес. Ошондой эле 2017-жылы Социалдык Фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес.

74 ишкердин 32синин банктагы кредиттери бар жана суммасы 50 миң сомдон 2,1 млн.сомго дейре жетет. Жалпы суммасы 16 984 306 сомду түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, 1-февралдагы Өкмөттүн токтомуна ылайык, ишкердүүлүк субьектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыян тууралуу тастыктаган документтерди тапшырбаса, арыз берүүчүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!