Акыркы коңгуроодо акча чогултууга тыюу салынат

6-Март 2018, Шейшемби, 15:22

Акыркы коңгуроодо белек берүү үчүн акча чогултууга тыюу салынат жана окуучулардын коопсуздугу үчүн мектеп жоопкер болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон. Ага ылайык, акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Мектеп жетекчилерине Акыркы коңгуроодо белек берүү үчүн акча чогултууга жана белек алууга тыюу салынат. Ошондой эле майрам убагында окуучулардын коопсуздугу үчүн мектеп жоопкерчиликтүү болоорун жана ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүп, көрсөтүлгөн эрежелерди толук аткарууга билим берүү бөлүмдөрү жоопкер экени көрсөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!