​Ак калпакты ЮНЕСКОго каттатуу демилгеси башталды

6-Март 2018, Шейшемби, 21:55

11-март күнү кыргыздын улуттук тамактарынын бири болгон бешбармакты Гиннеске киргизүүгө арналган чоң иш-чарада ак калпакты ЮНЕСКОГО каттатууга атайын кол топтоо жана видеокайрылуу тартууну пландалууда. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, "Мен Кыргызстандыкмын" деген ар бир атуул "АЮ Гранд комфорт" соода борборуна барып, кол коё алат.

"Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмеси "Мен кыргызмын"деген ар бир жаранды бул демилгени колдоого чакырып кетмекчибиз! Калпагыбыз ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталып калса бул биздин жетишкендик болот. Намысты бербей дүйнөгө кыргызды тааныта берели. Кыргыздын улуттук тамагы Гиннеске кирүү расмий аракети болгон иш чарада ак калпагыбызды ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине каталса деген демилге көтөрүлгөнүнө кубанып олтурабыз. Мына ушундай улуттук кадамдар таштала берсе мекенибизге береке пайыз, оомат уялайт, эртеңки келечегибиз кеңейет”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!