Кыргызстандык туроператорлор Берлинде

7-Март 2018, Шаршемби, 21:57

Бүгүн, 7-мартта Берлинде дүйнөнүн эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири башталып, ага Кыргызстандык 15 туроператор катышууда. Бул тууралуу USAID уюмунун маалымат кызматкери Улук Аданбаев Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, 11-мартка чейин өткөрүлө турган бул көргөзмөдө бир нече туристтик операторлор катышууда.

"Baibol Travel, CAT, DCAT, ITC Asia Mountains, Kyrgyz Concept, Logos Discovery, Tien-Shan Travel, Travel Experts, Travel Hub, Travel Land, Silk-Road&Kyrgyz Guided Trips жана Visit Karakol аттуу туроператорлор Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси долбоорунун колдоосу менен Кыргызстанды таанытууда",-деди ал.

Өлкөбүздү эң кооз таризде тартуулоо аракетинде USAID долбоору Кыргыздын нукура боз үйүн тигип, улуттук аспаптарда ойногон музыканттардын коштоосунда коноктордун көңүлүн тартууда. Андан тышкары көргөзмө өтүп жаткан борбордун кире беришинде дагы бир абдан кооз боз үй тигилди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!