УКМК: Коррупцияга шектелип 7 адам кармалды

9-Март 2018, Жума, 13:35

Коррупциялык схемаларга тиешеси бар делинип 7 адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык жана Бажы кызматында тинтүүлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында коррупциялык схемаларга тиешеси бар делинип жети адам кармалды. Алардын бешөөсү Салык кызматынын кызматкерлери жана экөөсү менчик компаниялардын жетекчилери. Соттун чечими менен алар УКМКнын тергөө абагына камалды.

Эскерте кетсек, Бажы, Салык кызматтарынын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү катышкан жемкорлук схемасынын жыйынтыгында 2016-жылдан 2018-жылдын башына чейин Кыргызстандын бюджетине 217 миллион сом зыян келтирилгени айтылган.

Анда айрым ишкерлер Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөгөнү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жалган маалымат берип турушканы аныкталган айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!