Жээнбеков: Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу

9-Март 2018, Жума, 13:52

Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан аялдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда кыргыз элинде илгертеден бери эненин орду өзгөчө бааланып келгенин, ал ыйык салт учурдагы коомдо да дайыма аздектелип сакталарын белгилеген.

Президент Жээнбеков ошондой эле аялдар учурда өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатканын белгилеп, аялдар- жашоонун ыйык коломтосу, коомдун ынтымагына жана биримдигине кошкон салымы баа жеткис экенин эске салган.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда аялдардын кажыбас кайраты, турмуштук активдүү позициясы өлкөнү ар дайым бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турарын белгилеп, бардык кыргызстандык аялдарга бекем ден соолук, бакубат турмуш жана бакы-таалай каалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!