Сапар Исаков жалпы аялзатын куттуктады

9-Март 2018, Жума, 14:42

Премьер-министр Сапар Исаков жалпы аялзатын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлады.

Өкмөт башчы өз куттуктоосунда тарыхта кыргыз аялдары үй-бүлөлүк очокту сактоо, бала тарбиялоо сыяктуу негизги милдети менен катар эркектер менен бирдикте өлкөнүн көзкарандысыздыгы жана улуттун гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жанын аябастан кайратмандык менен күрөшүп келген белгилеген.

Ошондой эле Исаков, бардык доорлордо акылман жана иш билги кыргыздын аялзаты мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына активдүү салымын кошуп, алар турмуштун бардык катмарында маанилүү орунду ээлеген эске салган.

Премьер-министр жаңы санариптик технологиялар жана ыкчам өзгөрүүгө дуушар болуп жаткан заманда кыргыз коомундагы аялдардын ролу мурдагыдай эле терең жана маанилүүгүн, аялдар коомдогу чоң күч катары эркектерди чоң эрдиктерге шыктандырарын жана бүгүнкү күндө республикада ар-бириңи жеке мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктө жогорку бийиктиктерди багындыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү маанилүү экенин белгилеген.

“Буга катар биздин асылкеч эне-эжелерибиздин көптөгөн милдеттеринин катарына жаш муундучынчылдык, боорукердик, алга умтулуу, эмгекти сүйүү жана патриоттуулук сыяктуу баалуулуктарды сиңирүү менен тарбиялоо милдети кирет. Балага тарбия берүү – бул талыкпас эмгекти талап кылат, ал үчүн сиздердин алдыңыздарда таазим этем! Жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде тарбияланган гана жаштар алдыга коюлган максаттарды багынтып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого өзүнүн татыктуу салымын кошо алат.

Ошондуктан мамлекеттин жана улут уңгусунун өнүгүүсүндө эне жана үй-бүлөнүн мааниси зор. Урматтуу мекендештер, Өкмөт күнүмдүк ишмердүүлүгүндө сиздерди унутта калтырбастан, аялдардын укугун жана эриндигин камсыздоо, эне жана баланы коргоо үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алып жаткандыгына ишенсеңиздер болот. Дагы бир ирет сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай каалайм!”- дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!