Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду

9-Март 2018, Жума, 14:50

Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгынан бир адам каза болду.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык аталган унаа жолдун 378-чакырымындагы катталган. Анда“Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү минивен “Рено” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Анын натыйжадасында 47 жаштагы киши жана 11 жаштагы бала жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилген, кийинчерээк жабыркаган 47 жаштагы киши каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!