«БТА Банк» менен талаш жөнгө салынды

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 14:23

Өкмөтүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасы менен казакстандык «БТА Банк» акционердик коомунун ортосундагы эл аралык арбитраждык талаштын тынч жол менен жөнгө салынгандыгын маалымдайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

2011-жылы «БТА Банк» Кыргызстанга карата Гаагадагы Туруктуу Арбитраждык Сот тарабынан башкарылган эл аралык инвестициялык арбитражга Өкмөтүн жана башка жактардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу доо арызын берген. «БТА Банк» билдиргендей, жогоруда аталган жактар Кыргызстандагы «БТА Банктын» туунду банкындагы доочунун 71% акциясын мыйзамсыз экспроприациялаган. «БТА Банктын» пикири боюнча, бул Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөттөр аралык инвестицияларды өз-ара коргоо тууралуу келишимдин бузулушуна алып келген. Доонун суммасы 75 миллион АКШ долларын түзгөн.

2018-жылдын мартында кыргыз Өкмөтү жана «БТА Банк» жогоруда аталган талашты тынчтык жолу аркылуу толугу менен жөнгө салды жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.

Тынчтык келишимине ылайык, талаш Кыргызстандын кандайдыр-бир жоопкерчилиги таанылбастан жана кыргыз тараптан кандайдыр-бир компенсация төлөнбөстөн жөнгө салынып жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.
Талаштын тынчтык жол менен жөнгө салынышы Өкмөтүн активдүү иш-аракеттеринин натыйжасы катары болгондугун белгилейбиз.

Тынчтык келишиминин шартына ылайык, «БТА Банк» учурда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун менчигинде турган өзүнүн туунду банкынын 7,7 пайыз акциясын Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан рынок баасы боюнча сатып алууга милдеттендирилди.

Эл аралык арбитраждык өндүрүштө жогорудагы иш боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын Өкмөтүн Сот өкүлчүлүгү борбору жана «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы жактаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!