Масалиев: Авария боюнча түрдүү маалыматтар айтылууда

13-Март 2018, Шейшемби, 17:06

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Исхак Масалиев ЖЭБдеги авариянын келип чыгышы боюнча жетекчилер түрдүү маалыматтарды берип жатканын айтты.

«Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темилан Биримкуловдун, «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевдин авариянын болуу себептери жаатындагы маалыматтары бири-бирине дал келбей жатат»,- дейт Масалиев.

Ошондой эле ал Кытайдын насыя каражатына курулган жаӊы блоктордун химиялык цехинин абалына кызыкты.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темилан Биримкуловдун айтымында, химиялык цех үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктайт.

«Химиялык цехти куруу чечими өткөн жылдын июль айында кабыл алынган. Азыр орду такталган, жабдуулары келе баштады, курулуш быйыл июль айында аяктоого тийиш»,- деди Биримкулов.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!