Депутат: жумушчу топто ата-бала иштейт

13-Март 2018, Шейшемби, 17:56

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБи жалаӊ ата-бала, ага-инилер, жек-жааттар иштеген энергетикалык үй-бүлөлүк кланга айланып калганын белгилеп, ЖЭБди модернизациялоо боюнча жумушчу топко кимдер жумушка тартылганы боюнча тизмени бүгүнкү күнгө чейин ала албай жүргөнүн билдирди.

«ЖЭБди модернизациялоо башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жогоруда аталган жумушчу топтун курамына сиздин уулуңуз кирди беле?»,- деп кайрылды Масалиев.

Бримкуловдун айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча түзүлгөн 7 адамдан турган жумушчу топтун курамына анын уулу да киргени менен ал ага түздөн-түз баш ийбейт. Ал группанын башчысына баш ийет.

«Ошондой эле аны «Электр станциялары» ишканасы жумушка алган»,- деп депутаттын суроосуна жооп берди Бримкулов.

Ал эми Масалиев мындай көрүнүштү сынга алып, кызматкерлердин толук тизмесин берүүнү талап кылды.

«Мында кызыктай жагдай түзүлүп калыптыр. ЖЭБди модернизациялоо боюнча жумушчу топто ата-бала иштейт. ЖЭБдин директорунун агасы цехтин башчысы болуп иштейт. Дагы бирөөнүн келини иштейт. Уят го!», - дейт Масалиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!