​“Кыргыздын улуттук оюндары” фестивалы өтөт

13-Март 2018, Шейшемби, 17:57

“Нооруз” майрамына карата 21-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында “Кыргыздын улуттук оюндары” аталыштагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара этно маданий туризмди жана көчмөн маданияттын салттарын жандандыруу максатында өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын программасында концерт, кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндар, кыска убакыттын ичинде бой үй тигүү сынагы, улуттук аңчылык “Салбуурундун” элементтери көрсөтүлмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!