Климат боюнча эл аралык конференция болот

14-Март 2018, Шаршемби, 12:51

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Иш чарада премьер-министрдин 2018-жылы айлана чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык конференция жана Тоолуу өлкөлөрдүн дүйнөлүк форумун уюштуруу тууралуу демилгеси жарыяланды. Иш-чаралар 23-октябрда белгиленген Ак илбирс күнүнө арналат.

Вице-премьер-министр Кыргызстан тоолуу өлкө катары бүгүнкү күндө глобалдык жылуулук шартында атмосферанын температурасын сактап калууда өзүнүн татыктуу салымын кошууда деп белгиледи.

«Ошол эле учурда тоолуу климаттын био ар түрдүүлүгүн сактоого салым кошуу менен республика глобалдык жылуулуктун күчөп келе жаткан таасирлерине кабылууда. Бүгүн биз бир өлкөдөгү жаратылышты колдонуу таасири башка өлкөнүн жаратылышына кандайча таасир берип жатканына күбө болуудабыз. Биз бул тууралуу климатты сактап калууга камкордук көргөн прогрессивдуу коомчулукка билдирүү жасагыбыз келет», – деп белгиледи ал.

Ошондой ал өз сөзүндө өкмөттүн күн тартибинде Мамлекеттик инвестициялар программасынан тышкары гранттык жардамдардын бардыгын каттоодон өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу маселеси тургандыгын маалымдады.

Андан тышкары жолугушуунун катышуучулары форумга даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Белгилүү болгондой, Премьер-министрдин демилгесин Борбор Азиядагы Университеттин атынан Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалык колдоого алды. Ага регионалдык долбоорлор боюнча координаторунун атынан эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулук кошулду.

Жолугушунун жыйынтыгында башка донордук мекемелер өкүлдөрүнүн катышуусунда иш чара өткөрүү боюнча уюштуруу комитетти түзүү үчүн катышуучуларга концептуалдык документти иштеп чыгуу жана жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!