Электрге жаңы тариф киргизилбейт

14-Март 2018, Шаршемби, 15:04

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында өлкөнүн электр энергетикасы тармагын жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору каралып жатканда депутат Дастан Бекешев Өкмөт эмне үчүн ушул кезге чейин электр энергиясына дифференцияланган тарифти киргизүүдөн баш тартып келатканына түшүнбөстүгүн билдирди.

Анын айтымында, мындай ыкма өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат.

«Кардар күндүз жогорулатылган, ал эми түнкүсүн азайтылган тариф боюнча төлөйт. Күн-түн усулу өзүн актайт», - дейт Бекешев.

Өкмөт өкүлү мындай ыкма Ысык-Көлдөгү мейманкана ээлерине колдонулуп жатканын, ал эми жалпы кардарларга дифференцияланган тариф азырынча киргизилбей турганын, ушу тапта жалпы электр энергиясынын 65 пайызы социалдык тариф боюнча колдонулуп жатканын белгиледи.

Айта кетсек, жогоруда аталган мыйзам долбоору парламентте каралган соң, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!