"Бешик ыры" республикалык сынагы жыйынтыкталды

14-Март 2018, Шаршемби, 22:17

Бүгүн, 14-мартында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоӊ залында «Бешик ыры» республикалык сынагын жыйынтыктоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу «Р. Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Аталган сынак 2017-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин созулуп, ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн. Ырларды композитор М.Бегалиев башында турган калыстар тобу дыкаттык менен кылдат карап чыгып, алардын ичинен 15 ырды мыкты деп табышкан.

«Бешик ыры» республикалык сынагы «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурулган.

Азыркы учурда «Р.Отунбаванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду мыкты деп табылган 15 бешик ырын диске жаздырып, жарыкка чыгарды.

Салтанаттуу иш чара учурунда сынактын жеӊүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!