Жээнбеков Меркелди куттуктады

Жээнбеков Меркелди куттуктады
15-Март 2018, Бейшемби, 10:44

Президент Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграмма жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты

«Сиздин Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын дос элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм», - деп жазылат президенттин куттуктоо телеграммасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!