Сооронбай Жээнбеков Казакстанга учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга учуп кетти
15-Март 2018, Бейшемби, 11:51

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен Казакстандын Астана шаарына учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын президент Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!