​Депутат: “Зыяндуу затты түн ортосунда чыгарат экен”

​Депутат: “Зыяндуу затты түн ортосунда чыгарат экен”
15-Март 2018, Бейшемби, 12:21

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков “Кара-Балтадагы «Жунда» ишканасынын экологияга тийгизген таасирин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, парламентте экологиялык көйгөйлөр такай көтөрүлүп келет. Анын ичинде аталган ишканада бар. Бул ишкананын экологияга тийгизген таасирин иликтөө боюнча бир нече жолу комиссия түзүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок, жылыш жок. Жергиликтүү тургундардан бул заводго карата чара көрүү тууралуу кайрылуулар түшүүдө.

“Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги ишканадан чыккан түтүн өз чегинде деген жыйынтыкка келиптир. Көрсө, “Жунда” заводу мунайзатты кайра иштетүүдөн пайда болгон зыяндуу заттын баарын түнкү саат 12:00дөн кийин чыгарат экен. Ошондуктан, тургундар текшерүүнү ошол маалда жүргүзүүнү өтүнүүдө”, - дейт депутат.

Ошондой эле ал бул боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү тургундардан, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынан турган комиссия түзүүнү жана текшерүү жүргүзүү демилгесин сунуштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!