Усубалиевдин атын музейге ыйгаруу сунушталды

Усубалиевдин атын музейге ыйгаруу сунушталды
15-Март 2018, Бейшемби, 14:23

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Акматов мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин атын Улуттук тарых музейине ыйгаруу демилгесин сунуштады.

Анын айтымында, ага Кочкор районунун тургундарынан ушундай өтүнүч келип түшкөн.

Ошондой эле депутат Алмазбек Акматов Улуттук тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну Жогорку Кеңештин атынан мамлекет башчысына, ал эми Киев көчөсүнө ысымын берүүнү Бишкек мэриясына жолдоону сунуш кылды.

Эскерте кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал жетекчи болуп турган учурда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги "Манас" аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен Ала-Тоо аянты, Ак үй, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Улуттук тарых музейи, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, Илимдер академиясынын имараттары жана башка объектилер курулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!