Тургунбай Алдакулов маданий борбордун жетекчиси болду

15-Март 2018, Бейшемби, 17:09

Маданият министрлигинин Улуттук маданий борборуна жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун буйругу менен анын жардамчысы Тургунбай Алдакулов министрликтин алдындагы Улуттук маданий борбордун жетекчиси болуп дайындалды.

Министрдин айтымында, мекемени жаш кадрлар менен күчтөндүрүү иши жүрүүдө. 40 жаштагы Т. Алдакулов мурда Жалалабад телерадиокомпаниясын жетектеген. Улуттук маданий борбор мамлекеттик, өкмөттүк маанидеги маданий-массалык иш чараларды өткөрүүгө жоопкер мекеме.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!