"Ак илбирске" билдирмелерди кабыл алуу аяктады

15-Март 2018, Бейшемби, 21:50

VII “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгынын координатору Салтанат Турдукеева билдирди.

Анын айтымында, учурда тасмаларды тандоо боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын иши башталды.

Бул жылы кино сыйлыкты тапшыруу аземи 27-апрелде “Манас” кино театрында болот.

Тизме:

Толук метраждуу тасмалар;

«Саякбай» режиссеру Э. Абдыжапаров;

«Кентавр» режиссеру А. Арым Кубат;

«Махабат» режиссеру М. Мамбетов;

«Понт» режиссеру К. Курманбеков;

«Эл укпасын» режиссеру С. Откеев;

«Ата» режиссеру Б. Осмонканов;

«Апамды издейм» режиссеру Руслан Акун.

Кыска метраждуу тасмалар;

«Бакыт» режиссеру М. Догдурбекова;

«Түнкү конок» режиссеру З. Кубандык кызы;

«Ева» режиссеру Уланбеков Сагынбек;

«Кадам» режиссеру Нуртилек Жапаров;

«Жол» режиссеру Калвира Акчалова;

«Киноман» режиссеру Аскар Нуракун уулу.

Даректүү тасмалар;

«Пальчик мамы» режиссеру Н. Жээналиева;

«По следам «Крытого фургона» режиссеру Г. Асанбекова;

«Фельдшер» режиссеру Ибадылла Аджибаев;

«Манеж» режиссеру Бекинай Токтосунова;

«Айдеми» режиссеру Жибек Турдубекова;

«Алишер Саипов. Бейжалолумго 10 жыл» режиссеру Санжар Эралиев;

«Дартооруган балалык» режиссер уСанжар Эралиев;

«Сакчылар» режиссеру Гульнур Кожобаева;

«Портрет без багета» 6 режиссер;

«Оймок» режиссеру Касиет Кубанычбекова;

«Өгөй» режиссеру Айгерим Бердибаева;

«Ата Бейит» режиссеру Алижан Насиров;

«Жизнь прекрасна» режиссеру Азамат Арыков.

“Ак Илбирс” кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон, бул тармакка ийгилик жараткан мыкты кинематографисттерге 16 номинация боюнча сыйлык тапшырылат.

Кино сыйлык КР кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондунун, КРнын Кинематографисттер департаментинин жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгүндө өткөрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!