Боспиекте Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

17-Март 2018, Ишемби, 14:33

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында премьер-министр Сапар Исаков: «Аксы окуясы мамлекетибиздин тарыхында өзгөчө орунда турат», – деп билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2002-жылы дал ушул жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырган кайгылуу окуясы болуп өткөн эле.

«Бүгүн баарыбыз ошол күнү мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыгып, курман болгон эр-азаматтарыбызды эскерип отурабыз. Биз эскерип жаткан балдар сырткы душмандардына колунан эмес, бийликтин колунан каза табышкан. Өзүбүздүн бийликтин өз элине каршы чыккандыгы баарыбызды катуу өкүндүрөт. Өз кызыкчылыгы үчүн чыкан ал кезектеги бийлик өзүнүн чыныгы кара ниет жүзүн ушул жерден көрсөткөн», – деди Исаков жана мындай бийликтин көпкө созулбай тургандыгы айдан ачык экендигин кошумчалады.

Премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн, эл бийликтин булагы экендигин баса белгиледи.

Эскерүү иш-чарасына Президенттик Аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Аксы районунун тургундары катышты.

Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иретинде куран түшүрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!