«Ош» аэропортунун жаңы терминалы ачылды

17-Март 2018, Ишемби, 15:32

Бүгүн, 17-мартта премьер-министр Сапар Исаков Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Ош» эл аралык аэропортундагы учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залдын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Премьер-министр мындай инфраструктуралык объектилердин курулушу өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат деп белгиледи.

«Ош» эл аралык аэропортундагы учуп келүүчүлөр үчүн жаңы зал тийиштүү заманбап жабдуу менен камсыздалган. Ош шаарындагы аэропортту модернизациялоо Өкмөт тарабынан өлкөгө келген чет элдик коноктор жана жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар алкагында жүргүзүлүүдө», – деп белгиледи Исаков.

Өкмөт башчы билдиргендей, республиканын аэропортторун өнүктүрүү боюнча келечектеги инфраструктуралык пландар анын жеке көзөмөлүндө турат.

«Аталган тармактын келечеги кең. Кыргызстан Борбор Азиядагы ири аймактык авиахаб болуу мүмкүндүгү бар», – деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков «Ош» эл аралык аэропортунун учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залын көрүп чыгып, жаңы орнотулган «Электрондук дарбаза» (E-gate) аппараттык-программалык комплексинин иштешин сынап көрдү.

«Манас» Эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы эл аралык аэропортторду өнүктүрүү боюнча коюлган пландар тууралуу маалымат берди.

Жаңы учуп келүү залынын ачылышы «Ош» эл аралык аэропортунун учурдагы аэровокзалдык комплексинин имаратын кеңейтүү эсебинен жүргүзүлгөн. Учуп келүүчүлөр үчүн жаңы зал бир учурда 2-3 авиакаттамды кабыл алууга мүмкүндүк берет, анын жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө кеңейтүү иштеринен соң, аэровокзалдык комплекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 550-600 жүргүнчүнү түзүүдө.

Мындан тышкары, учурда учуп-конуу тилкесине тийиштүү радиотехникалык жана жарык берүүчү жабдууларды орнотуу менен анын аянтын 400 метрге узартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жыйынтыкталуу алдында турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!