Жээнбеков Путинди куттуктады

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:51

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты.

«Сиздин Россия Федерациясынын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз!

Өткөн президенттик шайлоолордогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Сиздин өзүңүзгө жана Сиз тандаган ар тараптуу өнүгүүгө жана Россия мамлекетинин турмушунун бардык чөйрөлөрүн бекемдөөгө, Россиянын эл аралык аренадагы позициясын чыңдоого, регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылууга карай багытка бүткүл элдик ишенимдин ачык-айкын күбөсү болуп саналат.

Кыргызстан менен Россия ортосундагы союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилейм. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-россиялык өз ара пайдалуу кызматташтык салтка айланып калган достуктун жана ишенимдин нугунда мындан ары карай да тереңдей бере турганына ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Владимир Владимирович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана эң жогорку мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми Россиянын бардык элине – тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!», - деп айтылат президентин куттуктоо телеграммасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!