Өткөрмө бекеттер видеокөзөмөлдөнүшү мүмкүн

20-Март 2018, Шейшемби, 17:05

Бүгүн, 20-мартта премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын учурдагы кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо учурунда МЧКнын чек ара коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү ролун белгилеп, Өкмөт тараптан мындан ары карай атамекендик чек ара тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүлө берээрин кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө МЧК жеке курамы өлкө чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча штаттык режимде кызмат өтөөдө.

Ал Өкмөт башчыга коңшу мамлекеттер менен чектеш аймакта жайгашкан өткөрүү пункттарындагы абал тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө МЧК жеке курамы тарабынан эки миңден ашуун ыкчам тапшырмалар аткарылып, 15 миңден ашуун салык жашыруу фактысы жана жалпы суммасы 9 млн сомго жакын контрабандалык товарларды ташуунун 14 фактысы аныкталган.

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жактардын жалпы саны 3 млн ашуун адамды түзгөн, ошондой эле 200 миңге жакын транспорттук каражат өткөрүлгөн.

Шаршеев белгилегендей, кыргыз-өзбек чек арасындагы чектөөлөрдүн алынып салынышына байланыштуу, чек арадагы өткөрүү пункттарындагы адамдардын жыш агымы байкалууда. Буга байланыштуу чек ара ведомствосунун штаттык санын кошумча жогорулатуу муктаждыгы пайда болду.

Анын айтымында, аталган иш баскычтуу түрдө жүргүзүлөт, Өкмөттүн тийиштүү чечим долбоору Өкмөт Аппаратынын кароосуна киргизилген. Премьер-министр Өкмөттүн аталган чечим долбоорун кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы чек ара өткөрүү пункттарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.

Буга байланыштуу Исаков чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен өлкөнүн бардык өткөрүү пункттарын видеокөзөмөлдөө камералары менен камсыздоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү тапшырды
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!