Сооронбай Жээнбеков Таштанбек Акматов менен жолукту

20-Март 2018, Шейшемби, 17:28

Бүгүн, 20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов менен анын 80 жылдык мааракесине карата жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сиз мекендештердин арасында ак эмгек менен эң жогорку сый-урматтын туу чокусуна жеткенсиз», - деп белгиледи Мамлекет башчысы Таштанбек Акматов менен учурашып жатып.

Жээнбеков 80 жашка чыккан Акматовго бекем ден-соолук жана узун өмүр каалап, президентинин энчилүү саатын тапшырды.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, анын жүрүшүндө Президент көп жыл мурда колхоздун жаш зоотехниги кезинде Акматов менен жолугушканын эстеди.

«Сиздин баа жеткис кеңештериңиз дагы эле менин эсимде. Сиз көп жылдык ак эмгек менен эл арасында эң жогорку сый-урматтын туу чокусуна жеткенсиз», - деп Мамлекет башчысы Таштанбек Акматовго кайрылып, Социалисттик Эмгектин Баатырынын ар бир сөзүн эсине түйүп, кеңештерин өз жумушунда колдонгонун белгиледи.

Социалисттик Эмгектин Баатыры Президентти көңүл буруп, жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирди. Баарлашуу учурунда Жээнбеков жана Акматов Кыргызстандын өнүгүү баскычтары жөнүндө пикир алмашышты
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!