​Клара Алибековага тамаша катуу тийген

22-Март 2018, Бейшемби, 23:31

Эстрада ырчысы Клара Алибекова «Салам, Кыргызстан!» телекөрсөтүүсү тууралуу өз оюу менен Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, ага алып баруучулардын тамашасы катуу тийген.

«Бул телекөрсөтүүгө бир жыл мурун катышкам. Эфирди көргөн жакындарым, туугандарым «сени катуу тамашалап, кемсинтип коюшту» деп айтышкан. Бирок мен телекөрсөтүүнүн алып баруучулары ырчынын баарын эле ушундай тамашага салышат деп көӊүл бурган эмесмин. Мындан улам эч кимге арызданып барган жокмун. Кийин социалдык тармактарды карасам эл нааразы пикирлерин билдирип жатышыптыр. Чынында, алып баруучулардын тамашасы мага да катуу тийген болчу. Алар менин кесиптештерим болот. Ошентсе да тамашанын чеги бар», — деди Клара Алибекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!