Жээнбеков Пакистандын элин куттуктады

23-Март 2018, Жума, 11:40

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге Пакистан Ислам Республикасынын күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты.

“Улуттук майрам – Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилелери жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!