Жээнбеков: "Революциянын сабактары бийик максатка багыттайт"

24-Март 2018, Ишемби, 12:10

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда 2005-жылдын 24-мартындагы революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлегенин айтып, бул күнү эл адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөнүн белгилеген. Жээнбеков, кыргыз эли майтарылбас кайратын, эркиндикти жана адилеттикти баарынан бийик тутаарын дагы бир ирет далилдегенине токтолгон.

“Тилекке каршы элибиздин калыс бийликти, адилет башкарууну орнотобуз деген ошондогу үмүтү акталбай, элдик революция максатына жетпей калды. Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады. Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди. Ата-бабалар кыялданган, жаркын келечек үчүн курман болгон мекендештер эңсеген коомду – адилеттүү, адам укугун урматтаган, эркин жана өнүккөн Кыргызстан куруу милдети биздин мойнубузда”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ал мындан сырткары, элдин ишенимине ээ болгондо гана бийлик күчтүү болоорун белгилеп, марттагы элдик революциянын сабактары бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп ар дайым эскертип тураарын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!