Сапар Исаковдун катышуусуна ишембилик өтүүдө

24-Март 2018, Ишемби, 14:15

Бүгүн, 24-мартта премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактагы тазалык иш-чарасына катышты.

Исаков белгилегендей, үч ай бою жүргүзүлгөн акциянын жыйынтыгында Кыргызстанда эс алуучу жерлер пайда болот. Ботаникалык бактар да реконструкцияланат.

Ишембиликте Улуттук илимдер академиясынын алдындагы инстиуттардыр жана өкмөттүн кызматкерлери бактын ичин тазалап, көчөттөрдү отургузушууда.

Ушундай эле тазалоо, көчөт отургузуу иштери Бишкектин бир катар конуштарында да уюштурулууда

Эскерте кетсек, премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык 1-марттан 31 мартка чейин шаарларды жана республиканын калктуу пунктарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча үч айлык “Таза жашоо” улуттук кампаниясы өткөрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!