​Шадиев:“Өкмөт Бангладеш менен кызматташат”

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:39

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладештин Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Масуд Маннан менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан соода-экономикалык жаатта Бангладеш менен эки тараптык кызматташууну өнүктүрөөрүн белгиледи.

«Жеңил өнөр жай биздин өлкөдө улуттук экономикадагы келечеги кенен тармактарынын бири болуп саналат. Ушуну эске алуу менен биз тигүүчү өндүрүштү өстүрүүгө жана даярдалган продукциянын жаңы өтүш рынокторун ачууга кызыктарбыз. Аны менен катар өздөрүнүн алдыңкы технологиялары жана жабдуулары бар Бангладештеги бизнесмендерди тартууга ниетибиз бар. Биз өз кезегинде инвестициялардын толук корголушун камсыз кылып, бизнести өнүктүрүү үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүгө даярбыз», – деди Шадиев.

Аскарбек Шадиев кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштар менен алмашуу максатында, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагында тийиштүү келишим-укуктук базаны түзүү үчүн кыргыз делегациясы Бангладешке барууга даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Элчи Масуд Маннан кыргыз тараптын демилгесин колдоп, эки өлкө ортосундагы ишкердик мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Айта кетсек, Бангладештин текстилдик өнөр жайы – чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө экинчи турат, Кытайдан кийин. 18 млрд АКШ доллардагы кездемелердин жана пахта, жүндөн жасалган кийимдердин экспорту өлкөнүн тышкы соодадан түшкөн жылдык кирешесинин 80% түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!