Бишкекте бир нече көчөлөр жабылат

27-Март 2018, Шейшемби, 12:31

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 26-марттын тартып бир нече көчөлөр ондоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылып, автотранспорт үчүн кыймыл токтотулат.

“Бишкектеги жол тармагын өнүктүрүү-этабы 1” долбоорунун алкагында, Ахунбаев көчөсүнүн бир нече тилкелери 25 көчөсүнөн баштап Көпүрө-Базар көчөсүнө чейин жана Орозбеков көчөсү Фере көчөсүнөн Мажойского чейинки аралыктары жабылат. Ремонт иштерин ушул жылдын апрель айынын аягына чейин бүтүрүүнү пландаштырышууда.

Ошондой эле аталган участокто ирригация системасын орнотуу, жолго бардюрларды орнотуу иштери да жүргүзөт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана автожүргүнчүлөрдөн альтернативдик каттамды тандап алуунуну өтүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!