Санариптик өнүктүрүү министрлиги чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда болуу маселелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда болуу маселелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт
14.09.2023

АКИpress айтымында, санариптик өнүгүү министрлиги жашоого уруксаттын жаңы түшүнүгүн — убактылуу жашоого уруксатты киргизүүнү сунуштоодо. Министрлер Кабинетинин "чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын КР аймагында болуу маселелери жөнүндө" токтомунун тиешелүү долбоорун министрлик коомдук талкууга чыгарды.

Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы деп чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга уруксаттарды берүү жана эсепке алуу жана контролдоо боюнча маалыматтык система түшүнүлөт.

Министрлер Кабинетинин "чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу маселелери жөнүндө" токтомунун долбоору талкуулоо стадиясында турат.

Сунушталган өзгөртүүлөрдө Кыргызстанда жеке максаттар менен жүргөн Орусия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус, Грузия, Азербайжан, Молдованын жарандарын каттоо 1 жылга жашоого уруксаттын негизинде жүргүзүлөрү аныкталган. Ошондой эле жашап турууга уруксат боюнча жаңы түшүнүк киргизилген — убактылуу жашап турууга уруксат. Бул уруксат жогоруда аталган өлкөлөрдүн Кыргызстанда жеке максаттар менен жүргөн жарандарына берилет. Бул сунуш "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдан келип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөрдүн алкагында окуу жана эмгек максаттары боюнча Кыргызстанда жүргөн аталган чет өлкөлүк жарандарды каттоо окуу жайынан алынган маалымкаттын же Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орношконун ырастаган документтердин негизинде 1 жылга жүргүзүлөт.

Ошентип, сунушталган Жобонун долбоорунда төмөнкүлөр сунушталат:

  • жашап турууга уруксат алуу үчүн арыздарды кабыл алуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу электрондук формада жүргүзүлөөрү белгиленсин;
  • жашап турууга уруксат алуу үчүн арыз ээси берген материалдарды тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында электрондук түрдө сактоо;
  • жашап турууга уруксат берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыздар боюнча материалдарды кароо мөөнөтүн кыскартуу;
  • санариптик өнүктүрүү министрлигине жашап турууга уруксаттын формаларын, сүрөттөмөлөрүн, үлгүлөрүн өз чечими менен белгилөөгө ыйгарым укук берсин.