“Netflix”: ТОП-10 кирген коркунучтуу фильмдер

28-Март 2018, Шаршемби, 14:19

Стриминг кызматы “Netflix” ТОП-10тагы коркунучтуу фильмдерди атады. Колдонуучулардын айтуусу боюнча, тасмалар ушунчалык коркунучтуу аларды аягына чейин көрүү кыйын. Бул тууралуу “Comicbook” билдирет.

Рейтингтин лидери 2016-жылы чыккан “Лихорадка» тасмасы ээ болду. Тасмада беш бүтүрүүчүнүн окуясына негизделген. Жаштар токойдон үй ижарага алышып, ал жерден алар коркунучтуу вирустун курмандыгы болушат.

Экинчи орунда дагы бир 2016-жылы чыккан “Парк резни” фильми турат. Ал эми үчилтикти 2013-жылы чыккан “Заклятие” тасмасы толуктайт.

Мындан сырткары ТОП-10ка: “Человеческая многоножка”, “Иерусалим”, “Варварская Мексика”, “Пираньи 3D”, “Сырое”, “Зубы и Пустота” фильмдери кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!