“Чудо-женщина” тасмасына сунуш

30-Март 2018, Жума, 11:37

“Игра престолов” жана “Нарко” тасмалары аркылуу атактуу болгон америкалык актер Педро Паскальды "Чудо-женщина” фильмине тартылууга сунуш түштү. Актер башкы каармандардын бирин ойноп калышы мүмкүн. Бул тууралуу “Variety” маалымат булагы жазды.

Азыркы учурда киноматографисттер каарман тууралуу маалыматтарды жарыялашпай келишет.

Белгилүү болгондой, башкы каармандын ролун актриса Галь Гадот ойнойт. Ал эми терс каарманды Кристен Уиг ачып бермекчи.

Тасма 2019-жылы кино театрларда көрсөтулмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!