Канн кинофестивалда көрсөтүлчү фильм аныкталды

6-Апр. 2018, Жума, 12:55

Уюштуруу комитети 71-Канн кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлчү фильмди аташты. Быйылкы жылы ирандык режиссер Асгар Фархадинин «Все знают» триллери менен башталат. Бул тууралуу “Корреспондент.net” сайты билдирет.

Иш-чаранын ачылышы 8-майга пландалган.

Башкы ролдордо Пенелопа Крус жана Хоакин Феникс тартылган. Картинада Буэнос-Айрестен испан айылына көчүп келген жубайлардын турмушу тууралуу баяндалат.

Күтпөгөн жерден үй-бүлөлүк мааракеде бир катар жагымсыз окуялар болуп өтөт.

Эл аралык Канн кинофестивалы ушул жылдын 8-май жана 19-май күндөрү болуп өтмөкчү. Калыстар тобунун төрагасы режиссер Бенисио Дель Торо жетектейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!