«Рэмпейдж» тасмасы менен танышыңыздар

13-Апр. 2018, Жума, 12:40

Дүйнөлүк супер жылдыз Дуэйн Джонсон режиссер-продюсер Брэд Пейтондун («Разлом Сан-Андреас») жетекчилигинде «Рэмпейдж» («Rampage») кызыктуу окуяларга бай экшнынын актерлук курамын баштап чыкты.

Бул фильм 1980-жылы белгилүү болгон атактуу аркада оюнунун экранизациясы. Фантастикалык боевиктен дагы Наоми Харрис, Джеффри Дин Морган жана Джо Манганьелло сыяктуу белгилүү актерлорду көрө алабыз.

Сюжет приматолог Дэвис Окойинин тегерегинде өнүгөт. Ал акылдуу горилла Джорджду бала кезинен бери багып алган. Генетикалык эксперименттин кесепетинен маймыл алп гориллага айланып кетет.

Мындан башка модификацияга учураган башка дагы жаныбарлар аныкталат. Алар жолуна кездешкендин баарын кыйратып, таш-талканын чыгарат. Дэвис Окойи башка дагы окумуштуулар менен бирге дүйнө жүзүнө коркунуч туулуп жаткан кырсыкты алдын алууга күрөшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!