«Мстители 3»: эң масштабдуу башталыш болуп кала алабы?

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 18:34

«Мстители 3: Война бесконечности» фильми биринчи дем алыш күндөрү абсолюттук рекорд коюга толук мүмкүндүгү бар. “Comic Book” басылмасы белгилегендей, “Box Office Pro” статистикалык порталына шилтеме жасап, көрөрмандардын бул киного деген кызыгуусу эң жогорку деңгээлге жетти.

Мысалы, “Twitter” социадык баракчасында “Мстители 3” тасмасына байланыштуу комментарийлердин саны жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө.

«Мстители 3: ЧВойна бесконечности» - 2018-жылы гана эмес, азыркы кино тарыхындагы эң мыкты тасма долбоорлорунун бири. Негизги атаандаштарына туруштук берүү максатында IMAX 3D камерасынын жардамы аркылуу толугу менен тартылды.

Бишкек шаарынын кинотеатрларында тасманы 4-майдан тартып көрө аласыздар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!