"Саякбай" тасмасы кайрадан чоң экранда

19-Апр. 2018, Бейшемби, 22:43

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы 25-апрелден тарта кайрадан Кыргызстандагы бардык театрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Саякбай манасчы” фондунун жетекчиси Айбек Сыдыгалиев Zaman.kgге билдирди.

Маалым болгондой, "Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот.

Белгилей кетсек, улуу манасчы тууралуу тасмага көптөгөн сценарийлерден режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Тасманы "Саякбай манасчы" фонду каржылаган. Бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 100 млн. сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!