2017-жылдын мыкты актеру белгилүү болду

2017-жылдын мыкты актеру белгилүү болду
9-Дек. 2017, Ишемби, 11:33

“Vulture” басылмасынын жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын мыкты актерлордун TOП-10гу аталды.

Ушул жылдын көч башчысы америкалык актер Тимотел Чаламет болду. Актер режиссер Луки Гуаданьинонун "Зови меня своим именем" тасмасында 17 жаштагы Элио Парлмананын ролун аткарган.

Рейтингтин экинчи катарында Греты Гервигдин "Леди Птица" фильминде тартылган ирландиялык актриса Сирша Ронан алды.

Мыкты үчилтиктин лидерлеринин бири болуп Уиллем Дефо аталды. Ал Шон Бейкердин "Проект "Флорида" драмасында ойногон. Ошону менен бирге ал “Оскар” сыйлыгынын эки жолку талапкери.

Мындан сырткары мыкты актерлордун составына Джеймс Франко ("Горе-творец"), Синтия Никсон ("Тихая страсть"), Лори Меткалф ("Леди Птица"), Дэниэл Калуя ("Прочь"), Марго Робби жана Эллисон Дженни (экөө тең "Я, Тоня" тасмасында роль аткарган) киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!