Сауд Арабияда кинотеатрлардын иштөөсүнө тыюу салынган мыйзам 35 жылдан кийин жоюлду.
11-декабрда өлкө бийлиги кинотеатрлардын иштөөсүнө лицензия берүүдөн баштады. Алардын арасында коммерциялык операторлор да бар. Алгачкы кинотеатрлар 2018-жылдын март айынын ачылат.
Сауд Арабия бийлигинин болжому боюнча 2030-жылга карай өлкөдө 2 миң залы бар 300 кинотеатр ачылыш күтүлөт. Бул 30 миң жумуш ордун камсыз кылат.