“Звездные войны 8" тасмасы космосто

14-Дек. 2017, Бейшемби, 15:27

"Звездные войны 8: Последние джедаи" фильминин алгачкы көрөрмандарынын бири Эл аралык космос станциясынын экипаждары болот. Бул тууралуу Аэронавтика жана космос изилдөө башкармалыгынын (NASA) расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап “Comic Book” басылмасы кабарлады.

«Мен ушул фильмди астронавтор орбитада көрөрүн далилдей алам. Алар ноутбук менен көрүүгө мүмкүндүк берчү же болбосо штаттык проектордун жардамы менен цифралык көчүрмөсүнөн көрө алышат», - деп НАСАнын коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнүн башчысы Дэн Хут билдирди.

Азыркы убакта МКС бортунда алты адамдан турган 53чү узак мөөнөттү экспедиция тобу иш алып барат, анын ичинде эки россиялык изилдөөчү да бар.

"Звездные войны 8: Последние джедаи" фильми бүгүн, 14-декабрь күнү көпчүлүк экрандарга сунушталат. Бул фильмдин баштапкы үй прокаты 200 миллион доллардан башталса, ал эми дүйнөдө - 400 миллион долларды түзөрү күтүлөт. Картина "Звездных войн" эпизоддорунун арасындагы эң жогорку рейтингдердин бирин алды.

Башкы ролдордо Донал Глисон, Том Харди, Дэйзи Ридли, Билли Лурд, Гвендолин Кристи, Энди Серкис, Джозеф Гордон-Левитт, Марк Хэмилл, Оскар Айзек, Кэрри Фишер жана башка актерлор аткарышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!