“Disney” менен “Fox” студиялары биригеби?

16-Дек. 2017, Ишемби, 11:14

«Симпсон» анимациялык сериясынын 20 жыл мурунку эпизодунда эки кино компаниянын - 20 кылымдын Фокс жана Уолт Дисней компаниясыны биригүүсүн болжогон эле. Буга далил катары журналист Даррен Ровелдин “Twitter”деги баракчасына бул маалыматты жарыялады.

Журналист өзүнүн билдирүүсүндө онунчу сезондун бешинчи сериясындагы «Сиз жылдыздардан жогору болгуңуз келгенде» деп аталган жана 1998-жылдын ноябрь айында чыккан.

Эпизоддо Гомердин Алек Болдуин менен жана Ким Бесингер менен таанышуусу тууралуу баяндалат. Анда «Walt Disney division» деп аталган 20 кылымдын “Fox” студиясынын жарнамалары көрсөтүлөт.

Белгилүү болгондой эки компаниянын ортосунда келишим 14-декабрда өттү. “Disney” 21 кылымдын “Fox”сун 52,4 млрд. долларга сатып алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!