"Бросок кобры 3"түн бет ачаар күнү

19-Дек. 2017, Шейшемби, 15:43

«Paramount Pictures» киностудиясы "Бросок кобры 3" аттуу фантастикалык фильминин прокатка берүү күнүн жарыялады. “The Wrap” басылмасынын маалыматы боюнча, баштапкыда 2018-жылы көрөрмандарга сунушталчу картина 2020-жылдын 27-мартында чоң экрандарга чыкмай болду. Фильмдин бул «прокаттык терезеде» атаандаштары жок.

Алдынкы эки серия сыяктуу үчүнчүсү да "Hasbro” оюнчуктар линиясына негизделеби дагы аныктала элек.

Тасманын актерлук тобу жана режиссеру белгисиз бойдон калууда. Мурда режиссер Ди Джей Карузо болсо, кийин аны Джон М. Чу алган.

Эскерте кетсек, алгачкы фильмдин сериясы 2009-жылы чыккан. Ал кассалык кирешеде ийгиликсиздикке учурап, 302 млн. доллар жыйнаган. Өндүрүш бюджети 175 млн. доллар болгон. Фильмде Кристофер Экклстон, Джозеф Гордон-Левитт, Бьюн-Хун Ли, Сиенна Миллер, Рейчел Николс, Кевин Дж О'Коннор, Рэй Парк, Джонатан Прайс, Деннис Куэйд жана башкалар аткарышкан. 2013-жылы уландысы чыгып, ал бир аз ийгиликтүү болду- 130 млн. доллар өндүрүш бюджетинде 370 млн. доллар тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!