"Хроники хищных городов" фильминин трейлери

20-Дек. 2017, Шаршемби, 09:50

Ролик бир сутка ичинде “YouTube” канылында 850 миң көрөрман жыйнай алды.

“YouTube”да “Universal Universal Pictures” студиясынын жана режиссер Кристиан Риверстин "Хроники хищных городов" фильминин трейлери жарыяланган.

Картинанын продюсери катары белгилүү режиссер Питер Джексон болду.

Фильмдеги окуя кыямат болуп жаткан Англияда орын алат, анда чоң механикалык шаарлар жер үстүндө учуп жүрөт. Бул шаарлар майда конуштарга аң салышат, алар көчүп конгон үйлөргө окшош келишет.

Фильмде Роберт Шиэн, Гера Хилмарсдоттир, Стивен Лэнг жана Хьюго Уивинг роль ойношкон.

«Хроники хищных городов» картинасынын бет ачаар күнү 2018-жылдын 13-декабрына пландалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!