2018-жылы күтүлгөн фильмдер

3-Янв. 2018, Шаршемби, 16:41

“IMDb” порталы 2018-жылы чыга турчу эң белгилүү фильмдердин рейтингин жарыялады. Портал “Marvel” студиясынын көрөрмандарынын таандоосунун негизинде тизмени чыгарды. Ушундайча, абсолюттук көч башчы болуп "Мстители 3: Война бесконечности" картинасы аталды. Экинчи орунда "Черная пантера" фантастикалуу фильми ээ болсо, үчүнчү тепкичке "Marvel” комиксинин белгилүү каарманына арналган "Дэдпул 2" фильми менен толукталды.

Ондукка кирген калган орундарды "Мир Юрского периода 2", "Tomb Raider: Лара Крофт", "Тихоокеанский рубеж 2", "Хищник", "Восемь подруг мисс Оушен", "Миссия невыполнима 6" жана "Соло: Звездные войны. Истории" картиналары ээ болду.

Эскерте кетсек, "Мстители 3: Война бесконечности" фильминин трейлери 2017-жылдын ноябрь айында чыгып эң көп көрөрмандарга ээ болгон. Болгону алгач чыккан күнү 24 саатттын ичинде ролик 230 миллиондон ашык көрүлгөн.

Фильм толук форматта 2018-жылдын май айынын башында тартууланат. Жылдын кассалык кино долбоорлорунун бири болуп калууусу мүмкүн экени айтылууда. Анын бюджети көрсөтүлгөн эмес, бирок кээ бир маалыматтарга ылайык, ал азыркы заманбап “Hollywood” үчүн да рекорд болот. Баш каармандардын ролун Скарлетт Йохансон, Карен Гиллан, Крис Ангарано Ноулз, Элизабет Олсен, Том Голландия, Крис Пратт, Бенедикт Камбербэтч, Марк Руффало жана башка актёрлор аткарышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!