«Шантарам» романы сериалга айланат

16-Янв. 2018, Шейшемби, 17:49

«Шантарам» — бул жазуучу Линдсинин Индиядагы окуялары тууралуу аңгеме. Ал Австралиянын түрмөлөрүнөн качып чыгат. Мумбайдагы абакта ал 19 жылга куралдуу тоноо жана баңгизат колдонгондугу үчүн кармалган. Чет жерде ал майда мыйзамсыз иштер менен алектенип жашап келет жана ошондой эле кедейлерге жардам берип жергиликтүү мафияга жумуш иштейт.

Бул роман – автордун автобиографиясы катары да эсептелинет. Грегори Дэвид Робертс романдын каарманы сыяктуу эле түрмөдө отуруп, баңгизат колдонуп жана Индияда 10 жылдай өмүр сүргөн. Мындай чындык өз жемишин берди: роман 42 өлкөдө 39 тилде жарык көрдү.

Албетте, Голливуд мындай ийгиликти четте калтырган жок жана 2004-жылы “Warner Bros” компаниясы фильм тартуу иштерин баштаган. Башкы ролду атактуу актер Джонни Депп аткарары айтылган. Бирок, тартуу иштерин актердун тыгыз жумуш графигине байланыштуу жылдырууга туура келген жана кийинчээрек таптакыр эле токтотулган.

Ошентип “Anonymous Content” компаниясы жана “Paramount” студиясы белгилүү романдын негизинде фильм тартууга киришүүдө. Бирок, эми «Шантарам» сериалга айланат. Кимге башкы рол тийиштүү болоору азырынча белгисиз, бирок долбоордун жаңылык болушу үчүн көп мүмкүнчүлүгү бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!