“Оскардын" ээси сериал тартууга киришет

2-Фев. 2018, Жума, 17:47

"Оскар" сыйлыгынын ээси режиссер Михаэль Ханеке ("Махабат", "Пианист кыз") "Келвиндин китеби" деп аталган антиутопиялык сериал тартууга киришмекчи.

"Оскардын" ээси, эки жолу "Алтын пальма бутагын" алган режиссер өз ишиндеги алгачкы телесериалын тартат. Ал “UFA Fiction” менен “Fremantle Media”нын суранычы.

Мурун аталган продакшн "Жаш ата" сериалын тартуу үчүн атактуу Паоло Соррентинону чакырган эле. Ал эми Ханеке менен бирге сериал ишине Нико Хофманн менен Бенджамин Бенедикт да аралашмакчы болушту.

Сериал 10 эпизоддон турат. "10 телефильм менен 12 кинокартинадан кийин менин эң болбоду дегенде бир жолу акыйкатты айткым келди", – дейди Ханеке сериалдагы жумушу тууралуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!