«Форс Мажор» сериалы Меган Марклсыз уланат

3-Фев. 2018, Ишемби, 12:56

“USA Network” «Форс Мажор» сериалынын сегизинчи сезонунун улануусун расмий түрдө жарыялады. Ошону менен бирге жаңы сезонду ханзада Гарри үчүн Меган Маркл гана эмес, анын экран артындагы жигити Патрик Джей Адамс да таштап жатат. Бул тууралуу “The Hollywood Reporter” жазып чыкты.

Сериалдын башкы каарманы башка дагы долбоорлорго катышуу үчүн сериал тартуу талаасын таштап жатканын билдирген. Эми мындан ары «Форс-мажордун» негизги каарманы долбоорго жаңы кошулган Дьюли Хилл болмокчу. Сериалга башка дагы жылдыздар - Габриэль Махт, Рик Хоффман жана Сара Рафферти кайтып келишет.


28-мартта «Форс-мажордун» жетинчи сезонунун экинчи жарымы сыналгыда сунушталат. Эки сааттык финал 25-апрелге чейин көрсөтүлөт. Бул серияда баш каармандар Маркл менен Адамс үйлөнүшөрү күтүлүүдө. Сегизинчи сезондо тартуу иштери 2018-жылы башталат.

Буга чейин ММКда маалымдалгандай, ханзада Гарри жана Меган Маркл 2016-жылдын май айында Торонтодо таанышышкан. Ал жерге ханзада “Invictus Games” спорттук мелдешине катышуу үчүн келген. Ал эми ал учурда Меган Марклды атактуу кылган “Форс-мажор” сериалы тартуу иштери жүрүп жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!