Жаңы “Дэдпул” тасмасынын трейлери жарык көрдү

9-Фев. 2018, Жума, 10:25

“20th Century Fox” студиясы өзүнүн “YouTube”дагы каналында "Дэдпул-2" тасмасынын трейлерин жарыялады.

Ролик роботтоштурулган колу бар, антогонист баш каарман-Кейблга арналат. Фильмди кинотеатрлардан май айында көрө алабыз.

Видеодо Кейбл роботтоштурулган колу аркылуу атаандаштары менен күрөшүп жатканын көрө алабыз.

«Дэдпул 2» фильми жалданма-супергерой Уэйд Уилсон тууралуу фильмдин уландысы. Фильмдин баш каарманын кайра эле Райан Рейнольдс аткарат.

Андан сырткары фильмден Джош Бролин, ТиДжей Миллер жана Морена Баккаринди көрө алабыз. Картинанын режиссеру Дэвид Литч.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!